Коом

“Аска-Таш” мемориалдык комплексинде көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Фучик көчөсүндөгү “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде фонтандарды оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча көрктөндүрүү иштери аткарылып, таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасынын түтүктөрүн орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.

Учурда фонтандардын чөйчөктөрү толугу менен бетондолуп, гранит менен капталууда.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button