Адылбек Касымалиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүн биргелешип иштөөгө чакырды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биргелешкен ишти күчөтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 47-жыйынында айтты.
Анын айтымында, учурдагы чакырыктар биримдикке мүчө мамлекеттерден кырдаалды талдоону гана эмес, ыкчам чара көрүү үчүн натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууну талап кылууда.
«Мындай чакырыктардын бири — дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшү. Азык-түлүк инфляциясы социалдык чыңалуунун булагына айланууда. Бул инфляциялык басым сакталып турган шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат», — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы Евразия экономикалык комиссиясы айыл чарба базарларындагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматынын негизинде мүмкүн болуучу тартыштыкты жана баалардын өсүшүн алдын ала божомолдошу керектигин белгиледи.



