Маданият

«Айтматов» көркөм тасмасынын алгачкы тизери жарык көрдү

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган «Айтматов» көркөм тасмасынын алгачкы тизери жарык көрдү.

Тасманын бет ачары 2026-жылдын 22-октябрына пландалган. Фильмдин режиссёру — Каныбек Калматов. Анда Айтматовдун балалык чагы, атасы Төрөкул Айтматовдон айрылышы жана болочок жазуучунун калыптануу жолу баяндалат.

Чыңгыз Айтматовдун бала кезиндеги образын Нурислам Надыров аткарган. Анын атасынын ролунда Абылай Марат уулу, апасы Нагима Айтматованын ролунда Арина Исакова тартылган. Марат Амираев Алмаз Караевдин, Эмиль Эсеналиев Касым Тыныстановдун ролун жараткан.

Тасмада белгилүү орусиялык актёрлор Сергей Безруков жана Равшана Куркова да роль жаратышкан. Безруков Борис Пастернактын, ал эми Куркова Зинаида Пастернактын образын аткарган.

Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн ролун ким ойной турганы азырынча ачыктала элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button