Марлен Маматалиев: Биз саналуу адамдардын тандоосуна карап жалпы коомдун салт-санаасын өзгөртпөшүбүз керек

—Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого (сөөктү өрттөөгө) тыюу салынды. Бул мыйзамды демилгелеген ЖК төрагасы Марлен Маматалиевге суроо узаттык.
—Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салынды. Сиздер демилгелеген тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Марлен мырза, көрүстөндөргө байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө эмне себеп болду? Буга чейин кабыл алынган мыйзамда кандай мүчүлүштүктөр кетип, эми аларды жоюу зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты?
—Убагында, билесиздер, ушул көрүстөндөрдө ар кандай коррупциялык схемалар болгонго байланыштуу, ушул коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу багытында 2023-жылы мыйзам кабыл алганбыз.
Бирок тилекке каршы, мыйзамды кабыл алып жатканда бир аз мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Биологиялык калдыктарды же сибирь жарасы сыяктуу ооруларга чалдыккан жаныбарларды жок кылуу үчүн аларды өрттөө талабы коюлган. Бирок ошол талаптарды киргизүүдө адам каза болгондо анын сөөгүн өрттөөгө уруксат берилгендей түшүнүк жарата турган пункттар да кирип калган экен.
Башкача айтканда, биздин ниетибиз, максатыбыз башка болчу. Бирок мыйзамда адамдын сөөгүн өрттөөгө да уруксат берилгендей көрүнүш пайда болгон. Ошол мүчүлүштүктү жоюу максатында өзгөртүү киргиздик.
Анткени Кыргызстанда мындай көрүнүшкө жол берилбеши керек. Биздин каада-салтыбызда, үрп-адатыбызда адамды өрттөп көмүү салты болгон эмес. Ошондуктан бул баалуулуктарды сакташыбыз керек.
Ал эми мындай жолду тандагандарды толугу менен тыюу салуу же кандайдыр бир башка тартипте жөнгө салуу маселеси өзүнчө каралышы мүмкүн. Бирок алардын саны өтө эле аз.
Биз саналуу адамдардын тандоосуна карап жалпы коомдун салт-санаасын өзгөртпөшүбүз керек.
Өзүбүздүн каада-салтыбыздын, үрп-адатыбыздын жана мусулманчылыктын алкагында иш алып барышыбыз керек деп ойлойм. Ошондуктан мыйзамга кайра өзгөртүү киргиздик.
Булак: Осмон Медиа сайты



