Бажы кызматкери мамлекетке 5,6 млн сомдон ашык зыян келтирген деп шектелүүдө

Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарынын биринин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдирди.
Ведомство жарыялаган видеодон кызматкерди катардан чыгарып, андан соң тинтүү жүргүзүлгөнүн көрүүгө болот.Тергөө версиясы боюнча, 2026-жылдын июль айында К.у.Т. аттуу инспектор (аты-жөнүнүн баш тамгалары өзгөртүлдү) үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарды бажылык текшерүүдөн өткөрүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, текшерүү актысына товар билдирилген маалыматтарга туура келет деген маалыматтарды киргизген.
Маалыматка караганда, натыйжада мамлекетке 5 миллион 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.К.у.Т. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча айыпталуучу катары жоопко тартылган. Соттун чечими менен ал тергөө абагына камакка алынган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



