Окуялар

Кыргызстанда август айынын башынан бери тогузунчу жолу жер титирөө катталды

Кыргызстанда дагы бир жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөө 13-августта саат 02:49да болгон. Жер титирөөнүн очогундагы күчү 3,5 баллды, магнитудасы 4,0 түзгөн. Очок Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Тереңдиги 20 чакырым болгон.

Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 балл болгон. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Белгилей кетсек, бул август айынын башынан бери катталган тогузунчу сезилерлик жер титирөө. Ага чейинкиси 12-августта катталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button