Окуялар

Оштун экс-мэрине таандык делген «Байсан» ресторанынын имараты толугу менен бузулду

Ош шаарында «Байсан» ресторанынын имараты толугу менен демонтаждалды. Бошотулган аймакта мэрия Ак-Буура дарыясынын жээгинде аянты 10 гектардан ашкан коомдук парк түзүүнү пландап жатат.

Шаардык бийликтин маалыматына караганда, объекттин ээсине компенсация төлөнгөн. Буга чейин мэрия жер тилкесин башка аймактагы жерге алмаштырууну сунуштаган, бирок тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.

Буга чейин «Байсан» рестораны Оштун мурдагы мэри Женибек Токторбаев менен байланыштырылып келген. Ал 2026-жылдын май айында объекттин ээси эмес экенин билдирген. Анын айтымында, ресторан өзүнүн тууганы болгон А.А. аттуу жаранга катталган.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев имараттын бузулушун жаңы жашыл аймак түзүү планы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, шаардын бул бөлүгүндө коомдук жайлар жетишсиз.
Келечектеги парктын аймагында веложолдорду, сейилдөө зоналарын жана гүл борборун уюштуруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button