Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Акыркы эки жылда Бишкектин экономикасына жана инфраструктурасына 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында маалымдалды.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, инвестициялар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, таштандыларды кайра иштетүүгө, көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди модернизациялоого багытталууда.
Ири долбоорлордун арасында:
катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана энергия өндүрүү долбоорунун экинчи этабы — 230 млн доллар;
Hyper Partners көп функционалдуу комплекси — 300 млн доллар;
Royal Central Park — 300 млн доллардан ашык;Бишкектеги тазалоочу курулмаларды модернизациялоо — 70,9 млн доллар;
социалдык инфраструктурасы бар «Оптима» комплекси — 1,2 млрд сом.
Баасы доллар менен көрсөтүлгөн төрт долбоордун жалпы наркы 900 млн доллардан ашат. Ал эми «Оптима» долбоорун кошкондо, жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү 1 млрд доллардан жогору болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоорлордун ишке ашырылышы жаңы объектилердин жана жумуш орундардын түзүлүшүнө, ошондой эле Бишкектин шаардык инфраструктурасынын жаңылануусуна өбөлгө түзөт.



