Коом

Бишкекте «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт

Бишкектеги «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу «Унаанын» өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот.

1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, «Биримдик», Чыгыш жана «Аю Гранд» соода борборундагы бөлүмдөр иштебейт.

Ал эми Кожомкул айылындагы «РИОМ» унаа базарында жайгашкан аймактар аралык бөлүм кадимки тартипте иштейт.

Эскерте кетсек, чет өлкөлүк номер тагылган унааларды легалдаштыруунун акыркы этабы 1-сентябрда аяктайт. Бишкекте бул кызматты 29-30-август күндөрү «Биримдик-24» бөлүмүнөн жана «РИОМ» унаа базарынан алууга болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button