Милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон наристени ооруканага жеткирүүгө жардам беришти

24-август күнү кечинде милиция кызматкерлери бир жаштагы баланы ооруканага тез арада жеткирүүгө анын үй-бүлөсүнө жардам беришкен. Бул тууралуу наристенин ата-энеси билдирди.
Алардын айтымында, бала эс-учун жоготкондон кийин үй-бүлө Үчүнчү балдар ооруканасына жөнөгөн. Жолдо наристенин абалы начарлай баштаган.
Беш-Күңгөй айылынын аймагында ата-энеси милиция постун көрүп, кызматкерлерден жардам сураган. Катуу жаанга жана жол тыгынына карабастан, милиция кызматкерлери үй-бүлөгө жол көрсөтүп, унааны ооруканага чейин токтотпой коштоп барышкан.
Ошондой эле милиция кызматкерлери үй-бүлөнү дарыгерлерге чейин коштоп барып, баланы тез арада медициналык кызматкерлерге өткөрүп берүүгө жардам беришкен.
Ата-энеси милиция кызматкерлерине көрсөткөн жардамы жана ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришти.
Учурда баланын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.



