Окуялар

«75 иши»: Токон Мамытов катка кол койбогонун билдирди

Бүгүн, 27-августта Бишкек шаардык сотунда «75 иши» деп аталган иш боюнча соттук отурум уланды. Сот отуруму жабык режимде өтүп жатат.Отурумдун жүрүшүндө Токон Мамытов суракка алынды.

Анын айтымында, ал «75 кат» деп аталган документке кол койгон эмес жана эмне себептен сотко чакырылганын түшүнгөн эмес.

Ошол эле учурда Мамытов соттун бардык суроолоруна жооп берип, иш боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бергенин билдирди.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы кызматынан бошотулган.

Кийин Камчыбек Ташиевге карата «75 иши» деп аталган кылмыш иши козголгон. Ага бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылган.

Аны менен бирге бул иш боюнча дагы жети адам, анын ичинде Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев айыпталуучу катары өтүшкөн.

Соттук отурумдар жабык режимде өткөн. 15-июнда гана сот отуруму ачык режимде өткөрүлгөн.

Прокурорлор айыпталуучулардын ар бирине тогуз жылдан эркинен ажыратуу жазасын берүүнү суранышкан.

Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту төмөнкүдөй өкүм чыгарган.

Тектеш кабарлар

Back to top button