Көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдешке катыша турган командалар аныкталды

Ысык-Көлдө 1-сентябрда баштала турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдешке катыша турган командалар аныкталды. Бул тууралуу Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков билдирди.
Маалыматка караганда, мелдешке жети өлкөнүн курама командасы катышат.
Алар: Кыргызстан, АКШ, Өзбекстан, Венгрия, Россия, Түркия жана Казакстан.
Ошондой эле ДКӨ-2026нын алкагындагы көкпар боюнча мелдешке катыша турган командалардын алдын ала тизмеси да белгилүү болду.
Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгрия, Россия, Түркия жана Монголиянын командалары кирген.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкекте, ал эми мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.
Катышуучулар спорттун 43 түрү боюнча күч сынашат. Алардын арасында улуттук оюндар, ат чабыштар, ат үстүндөгү мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, ошондой эле бүркүт, куш жана тайган менен аңчылык кылуу боюнча мелдештер бар.



