Саясат

Президент: Коомдук тартипти камсыздоо мамлекеттик чоң жоопкерчилик

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган күч органдарын гарнизондук бөлүштүрүүдө сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Ардактуу генералдар, офицерлер, сержанттар!

Күч түзүмдөрүнүн урматтуу кызматкерлери!

Мекенибиздин кымбаттуу тартип сакчылары!

Эң алды баарыңыздарды келе жаткан

Кыргыз Республикасынын Эгемендик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекетибиздин коопсуз өнүгүшүн,

элибиздин бейпил турмушта жашоосун камсыздоо үчүн күнү-түнү жан үрөп өтөп жаткан кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм!

Быйылкы жыл күнөстүү Кыргызстаныбыз үчүн бардык тараптан жетишкендиктердин жана тарыхый бурулуштардын жылы болуп жатат.

Күндөн-күнгө күч-кайратка толуп, ар тараптан жаркырап өнүгүп жаткан жаңы Кыргызстаныбыз албан-албан ийгиликтерге жетип, экономикалык абалы гана жакшырбастан, эл аралык аренада аброю артып, дарамети жогорулоодо.

Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн башкы максаты – эл аралык жогорку маанидеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тартип бузуусуз, тынч өткөрүү!

Буга байланыштуу, Улан Омоканович башында турган Ички иштер министрлигин жооптуу кылып бекитип, бардык күч түзүмдөрүн бириктирген “Коопсуздук” деп аталган иш-чараны баштадык.

Анын алкагында Ички иштер, Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Прокуратура органынан, Салык, Бажы, Жазаларды аткаруу, Чек ара кызматтарынан жана Сот департаментинен турган күч түзүмдөрүнүн жалпы 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.

Мындай өзгөчө шартта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо бул – катардагы эле кызматтык милдет эмес, мамлекеттик маанидеги чоң жоопкерчилик болуп эсептелет!

Андыктан, биздин күч түзүмдөрүбүз элибиздин жана чет мамлекеттерден келген меймандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздашы керек.

Мында эң башкы принцип – тартип-тартип жана жоопкерчилик болушу шарт!

Урматтуу тартип сакчылары, бул принциптерди бекем кармап, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтө турган аймактарда коопсуздук эрежелерин камсыздап, укук бузууларга жана одоно тартип бузууларга жол бербеңиздер.

Жарандарга сылык мамиле жасап, өтүнүч менен кайрылган ар бир жаранга жеринде, учурунда ыкчам көмөк көрсөтүү менен элге ак ниет кызмат кылыңыздар!

Бардык күч түзүмдөрү өз-ара байланышты күчөтүп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар!

Министрликтердин, ведомстволордун жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өздүк курамдын тартибине катуу көңүл буруп, жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарылышын колго алыңыздар.

Урматтуу тартип сакчылары!

Кыргызстан – баарыбыздын ыйык Мекенибиз!

Өлкөбүз үчүн өтөп жаткан кызматтарыбыз ар башка болгону менен, мамлекетибиздин коопсуздугу менен элибиздин тынчтыгын камсыз кылуу баарыбыз үчүн бирдей милдет экени эч качан эсибизден чыкпашы зарыл.

Жаңы Кыргызстандын экономикасы улам өрүш алган сайын күч түзүмдөрүнүн ишмердиктерин да жакшыртып, заманбап деңгээлге чыгардык.

Бардык күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын чыңдап, кызматкерлердин айлык-маяналарын жогорулатып, социалдык жактан колдоолорду көрсөтүп, санариптик технологиялар менен камсыздап, өлкөбүздүн коопсуздук системасын жаңы деңгээлге көтөрдүк.

Бүгүнкү иш-чаранын алкагында мындай колдоолорду улантып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы үлгүдөгү материалдык-техникалык каражаттарды күч түзүмдөрүнө тапшыруу алдында турабыз.

Мунун баары – жөн эле техникалык каражаттардын санын көбөйтүү эмес, элибиздин коопсуздугун арттырууга, мамлекетибиздин туруктуулугун сактоого жана өнүгүүгө багыт алган Жаңы Кыргызстандын сапарын чыңдоого карата жасалып жаткан тынымсыз иш-аракеттерибиздин натыйжасы!

Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип!

Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек!

Андайларга ырайым болбойт!

Ошондуктан, сиздерден дал ушундай катуу тартипти, жогорку кесипкөйлүктү, жана жоопкерчиликти талап кыламын.

Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда!

Биримдик бар жерде ийгиликтер болот, ынтымак уялаган жерге ырыс-кут конот.

Мына ушундай ураан менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн улантып, эл аралык аброюн арттырып, жалпы кыргызстандыктардын бейпил турмушу үчүн талыкпай кызмат кылууга баарыңыздарды чакырам.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”

Тектеш кабарлар

Back to top button