Маданият
Америкалык ырчы Николь Шерзингер Кыргызстанга келди

Америкалык ырчы Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунан ырчыны президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тосуп алды.
Маалым болгондой, ырчы бүгүн Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда өнөрүн тартуулайт.
Николь Шерзингер дүйнөгө The Pussycat Dolls тобунун солисти катары таанылган. Кийинчерээк ал жеке чыгармачылык жолун улантып, ийгиликтүү жеке карьерасын түптөгөн.



