«Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы келген конокторго өзгөчө атмосфера тартуулоодо

Бүгүн, 1-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын этнобазары жана этноашкана шаарчалары келгендерге өзгөчө атмосфера тартуулап жатат. Бул тууралуу Маданият, малымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, этнобазарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кеңири сунушталууда.
«Ал эми этноашканада улуттук тамак-аштын түрлөрү даярдалып, келгендерге кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтөт. Иш-чаралардын алкагында маданий программа, улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун тааныткан атайын жайлар уюштурулат.
Этношаарчанын иши 6-сентябрга чейин уланып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандарга кыргыз элинин бай тарыхы, салты жана маданий мурасы менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Этношаарчага кирүү акысыз. Бул жай VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүү маданий аянтчаларынын бири болуп саналат.



