Кыргызстандын спортчулары таяк тартыштан 5 алтын жана 1 күмүш медаль утту

Кыргызстандын спортчулары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн таяк тартыш боюнча мелдеште 5 алтын жана 1 күмүш медаль жеңишти.
Мелдештер 1–2-сентябрда өтүп, ага 25 өлкөдөн 79 спортчу катышты.
Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында үчтөн салмак категориясында күч сынашты.
Аялдар арасында:
55 кг чейинки салмакта кыргызстандык Дилбара Имканова алтын медаль алды. Күмүш медаль Орусиядан Лейла Шагисултановага, коло медалдар Канададан Кортни Линн Холлиханга жана Монголиядан Мунхтуя Анудариге берилди.
75 кг чейинки салмакта Элдана Болотбекова жеңүүчү болду.
Күмүш медалды Монголиядан Дамдинсурэн Баасансурэн, коло медалдарды Өзбекстандан Чаросхон Ерманова жана Орусиядан Саина Седалищева алышты.
75 кгдан жогорку салмакта Адел Маданбаева алтын медаль тагынды. Экинчи орунду Монголиядан Баянтугс Эрдэнэтуюя ээледи. Үчүнчү орундар Пакистандан Икра Насибге жана Ирандан Мариам Фарахинияга берилди.
Эркектер арасында:
70 кг чейинки салмакта Азиз Асанов алтын медаль утту. Күмүш медаль Орусиядан Ариан Григорьевге, коло медалдар Монголиядан Цэрэнцогзол Пурэвсүрэнгө жана Өзбекстандан Лазизбек Абдурохмоновго берилди.
90 кг чейинки салмакта Байсал Асанов жеңүүчү болду. Күмүш медалды Орусиядан Василий Захаров, коло медалдарды Казакстандан Нурсултан Ессимбай жана Пакистандан Мухаммад Асим алышты.
90 кгдан жогорку салмакта Ирандан Реза Гхеитаси алтын медаль тагынды. Кыргызстандан Келдибек Атабек уулу күмүш медалга ээ болду. Коло медалдар Канаданын өкүлү Джеффри Луис Мартенске жана Орусиядан Денис Федоровго берилди.
Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон, күмүш медаль ээлерине 40 миң сомдон, коло медаль алгандарга 15 миң сомдон сыйлык тапшырылды.


