Спорт
ДКО. Кыргызстан көк-бөрү боюнча экинчи жеңишти камсыздады

Кыргызстандын курама командасы Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк-бөрү боюнча мелдешинде экинчи жеңишин камсыздады.
Бүгүн А тайпасындагы экинчи турдун алкагында кыргызстандыктар Өзбекстандын курама командасын 16:11 эсебинде жеңди. Кыргызстан курамында эң көп голду Нуржан Мелисбеков киргизип, үч жолу айырмаланды. Эдилжан Токтогул уулу, Айтбек Жолдошбек уулу жана Кыяз Ниязов экиден гол киргизишти.
Бул Кыргызстан үчүн катары менен экинчи жеңиш болду. Биринчи турда команда АКШнын курама командасын ири эсеп менен жеңген.
Учурда Кыргызстандын курама командасы алты упай менен өз тайпасында биринчи орунда турат.



