Туманбаев: Жаңы Ош базары толугу менен мамлекеттик менчикте болот

Жакынкы убакта соодагерлерди эски Ош базарынан жаңы комплекске көчүрүү башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш аянтын көрүп жаткан учурда билдирди.
Анын айтымында, жаңы базардын курулушу болжол менен 90 пайызга аяктады. Көчүрүү башталганга чейин бардык соода орундары толугу менен даяр болуп, тиешелүү талаптарга жооп бериши керек.
Каныбек Туманбаев инженердик системаларды текшерип, базарды кыш мезгилине даярдоону тапшырды.
«Эң негизгиси — сапаты жакшы болушу керек. Жакында кыш келет, ошондуктан имараттын ичи жылуу болушу зарыл. Бардык системаларды, газ менен камсыздоо жана аймакты көрктөндүрүү иштерин текшерүү керек. Бул мамлекеттик объект болгондуктан, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин эсептөө зарыл. Бардык процесстер электрондук түрдө, адам факторусуз жүргүзүлүшү керек. Номерленген бардык соода орундары бирдиктүү базага киргизилип, соодагерлер ижара акысын “Түндүк” аркылуу төлөй алышы керек», — деди ал текшерүү учурунда.
Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Долбоордо соода орундары, кампалар, муздаткыч борборлор, спорт залдары, мечит жана медициналык пункттары бар эки жана төрт кабаттуу тогуз имаратты куруу каралган.
Эске салсак, жаңы комплекстин курулушу 2024-жылдын сентябрь айында башталган. Соодагерлер көчүрүлгөндөн кийин эски Ош базарын жабуу пландалууда. Бийлик анын аймагында эс алуу үчүн заманбап жашыл аймак түзүүнү көздөп жатат.



