Коом

Кызыл диплом ээлери кадрлар резервине сынаксыз киргизилиши мүмкүн

Кызыл диплом менен жогорку окуу жайын аяктаган бүтүрүүчүлөр кадрлар резервине сынаксыз киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Омурзаков билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайын кызыл диплом менен бүтүргөндөр сынакка катышпастан кадрлар резервине кире алышат.

Мыктыбек Омурзаковдун белгилешинче, бүтүрүүчүлөрдүн айрым категориялары үчүн кадрлар резервине кадимки тандоо жол-жобосунан өтпөстөн киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Эске салсак, кадрлар резервине талапкерлер мыйзамда белгиленген тартипте тандоодон өтүшөт. Андан кийин алар мамлекеттик жана муниципалдык аткаруу бийлик органдарындагы тиешелүү кызматтарга талапкер боло алышат.

2025-жылдын февраль айында өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизүүнү сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button