ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Азыркы балдар башкача болуп баратабы же мен туура эмес тарбия берип жатамбы

Эмнегедир азыркы балдар башкача болуп баратабы деп ойлондум. Же мен өзүм күнөөлүүмүнбү? Атасы жок өскөн баламды аяп, туура эмес тарбиялап алдымбы?

Балам экөөбүз мектепке даярданып базарга бардык. Ал жактан биринин артынан бирин кийим көрсөтүп жаттым.

— Муну карачы, балам. Жакшы экен. Мектепке кийсең жарашат.

Ал башын чайкап:

— Жок, жакпайт.

— Анда муну алалы.

— Муну да каалабайм.

— Анда өзүңө жакканын көрсөтчү.

Балам кымбат баалуу кийимдер турган дүкөнгө кирип кетти. Баасын көрүп, жүрөгүм оозума келди.

— Балам, муну алсак, калганына акча жетпей калат. Башкасын карачы.

Ал таарынып:

— Башкалардын баары жакшы кийинип жүрөт. Мен эле эмнеге андай кийине албайм? Группага балдар жазып жатышат ушундай алышыптыр.

Ошол сөз жүрөгүмө катуу тийди. Мен анын атасы жок экенин эч качан сездирбөөгө аракет кылгам. Өзүмө керектүү нерсени албай, анын каалаганын алып берчүмүн. «Балам жетишпей өспөсүн» деп иштедим, чарчадым, үн катпадым.

Ошол күнү биринчи жолу өзүмө суроо бердим: Мен баламды жалгыз тарбиялап жатып, аны жашоого даярдадымбы же жашоонун кыйынчылыктарынан коргоп жатып, эрке кылып алдымбы?

Үйгө келгенде балам жаңы кийимдерин карап отуруп:

— Апа, мени эмнеге атам таштап кеткен? — деп сурады. Эмнеге сага жардам бербейт? Башкалар ажырашып кетсе деле акча салып баласын карашат го,- деп сурады.

— Аны чоңойгондо түшүнүп аласың балам,- дедим

-Дайыма ушул жоопту угам,- деп балам үшкүрүнүп өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Анан кантем, баланын шагын сындырып атаң башканы тандап кеткен. Алардын азыр үч баласы бар ошолорду багат деп кантип айтам. Бала кызганычтан өзүн өзү жеп салбайбы.

Жакын тааныштардан угам. Экинчи аял алып укмуш сүйүшүп күтүшкөн киши болгону менен азыр жыргап деле жетишкен жашоодо жашабай эле экен. Эне катары менин азыркы тилегим балам ыймандуу, акылдуу бой жетип атасынын тагдырын кайталабаса деген эле ой.

Тектеш кабарлар

Back to top button