Догдуркүл Кендирбаева: Мектептер «эмгек биржасы» болбошу керек

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мектептер жөн гана акча табууну каалаган адамдар үчүн «эмгек биржасы» болбошу керектигин УТРКга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекет мугалимдерге олуттуу социалдык колдоо көрсөтүүдө. Мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулатылып, аларга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ошондой эле райондук билим берүү башкармалыктарынын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, кызматтык унаалар менен камсыздалууда.
Министрдин белгилешинче, бул колдоолордон кийин мектепте иштөөгө кызыккандардын саны көбөйдү. Атүгүл эмгек миграциясына кеткен айрым мурдагы мугалимдер да мектепке кайтып иштөөнү каалап жатышат.
«Эми тандоо башталат. Анткени мугалимдерге коюлган талаптар бар. Мектептерде мыктылардын мыктысы иштеши керек. Мектеп жөн гана акча табуучу жай болбошу зарыл. Себеби адамды тарбиялоо жана окутуу — өтө татаал иш. Бул жерде мугалим өзү балдарга үлгү болушу керек. Анткени балдар анын жүрүм-турумуна, жөндөмүнө жана маданиятына карап үйрөнүшөт», — деди министр.



