Коом
Сузактын Кара-Булак айылында жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында А. Молдоисаев атындагы №59 жалпы билим берүүчү мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Мектеп Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берет. Имараттын жалпы аянты 1 281 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу окуу корпусунда окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана сапаттуу билим алууга зарыл болгон бардык шарттар каралган.



