Коом

Нурдан Орунтаев «Ынтымак Ордо» алдындагы чыр боюнча түшүндүрмө берди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 14-сентябрда «Ынтымак Ордо» имаратынын жанында болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ошол күнү бир нече жаран маселелери менен кайрылып, министр аларды токтоп угуп, көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүгө убада кылган. Сүйлөшүү учурунда жарандардын бири Орунтаевди каза болгон апасын мазактаган деп айыптаган.

Министр мындай сөз айтпаганын билдирип, жаран аны башка адам менен адаштырып алган болушу мүмкүн экенин айтты. Орунтаев өзүнүн апасы да каза болгонун белгилеп, энелерди ар дайым сыйлай турганын билдирди.

Ал жарандардын кайрылууларын угууга жана маселелерин мыйзам чегинде чечүүгө даяр экенин айтып, окуянын бардык жагдайларын аныктап туруп гана баа берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кайрат Амеркулов Facebook баракчасына видео жарыялап, анда Нурдан Орунтаевди маркум апасына карата орой сөз айткан деп айыптаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button