Окуялар
Ысык-Атанын Ак-Сай айылындагы мектепте иштебегендерге мыйзамсыз айлык төлөнгөн

Ысык-Ата районундагы Ак-Сай айылындагы И.Байбеков атындагы мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга айлык акы чегерилгени аныкталды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, мектептин жооптуу кызматкерлери иш убактысын эсепке алуу табелдерине жана эмгек акы ведомостторуна жалган маалыматтарды киргизип, алардын негизинде мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүшкөн.
Мамлекетке келтирилген зыян 1 млн 700 миң сомдон ашкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.



