Москва облусунда дрондордун массалык чабуулунан эки адам каза болду

20-сентябрда Москва жана Москва облусуна жасалган массалык дрон чабуулунун кесепетинен эки адам каза болуп, кеминде алты адам жабыркады. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв билдирди.
Анын айтымында, Москва облусунун аймагында 249 дрон атып түшүрүлгөн. Софьино айылында чабуулдан кийин кампа комплекси өрттөнгөн. Ошондой эле үч көп кабаттуу жана бир жеке турак үйгө дрон тийип, өрт чыккан.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин бул чабуулду эң массалык чабуул деп атады. Анын маалыматына караганда, мурунку күндөн бери абадан коргонуу күчтөрү 1600дөн ашык дронду, анын ичинде Москвага жакын жерде 450 дронду жок кылган.
Собяниндин билдиришинче, бир нече дрон Капотнадагы Москва мунайды кайра иштетүүчү заводунун аймагына жетип, алардын бири турак үйгө тийген. Анын айтымында, Москва шаарында каза болгондор жок.
Ошондой эле Котельникидеги турак жай комплексинде өрт чыгып, Истра шаарында дрондун сыныктарынан батир жабыркаганы кабарланды.
Чабуулдан улам Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунун иши убактылуу токтотулган.



