Окуялар
Алтын куймаларын өлкөдөн алып чыгууга аракет кылууга шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунда УКМК алтын куймаларын мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгууга аракет кылган деген шек менен эки жаранды кармады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 3,3 килограмм алтын алынып, анын баасы 40,5 миллион сомдон ашат.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1970 жана 2000-жылы туулган, болжолдуу уюштуруучу жана ташуучу кармалган.

Шектүүлөргө КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү («Экономикалык контрабанда») боюнча кылмыш иши козголду. Алар УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.



