Коом

Сентябрь айы үчүн 46 миңден ашуун бюджеттик кызматкер жогорулатылган айлык алат

Сентябрь айы үчүн 46 миңден ашуун бюджеттик тармактын кызматкери биринчи жолу жогорулатылган эмгек акысын алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин штаттык саны жана эмгек акы төлөөнү талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, президенттин жана Министрлер кабинетинин тапшырмаларын аткаруу максатында бюджеттик тармактагы эмгек акыны жогорулатуу боюнча тиешелүү долбоорлор иштелип чыгып, кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдердин негизинде 46 миңден ашуун кызматкердин айлыгы жогорулатылат. Мамлекеттик жарандык кызматкерлердин кызматтык маянасы 41%га чейин, муниципалдык кызматкерлердики 47%га чейин өсөт. Ал эми мамлекеттик бюджеттик мекемелерде иштеген, мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген кызматкерлердин эмгек акысы 45%га жогорулады.

Карыпбаевдин айтымында, учурда айлыктарды эсептөө жана чегерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жогорулатылган төлөмдөр октябрь айынын башынан тартып бериле баштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button