Кыргызстан Түркиядагы эл аралык конгрессте соттук экспертизаны өнүктүрүү тажрыйбасын көрсөттү

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Талантбек Кожонов баштаган соттук эксперттердин делегациясы Анталияда (Түркия) өткөн «Соттук медицина күндөрү» XXI Эл аралык конгрессине катышты.

Эл аралык форум 40 өлкөдөн 1150гө жакын катышуучуну бириктирип, алардын арасында алдыңкы окумуштуулар, сот эксперттери, укук коргоо органдарынын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү бар. Конгресстин алкагында соттук токсикологияга, генетикага, санариптик криминалистикага, жасалма интеллектке, массалык кырсыктардын курмандыктарын аныктоого жана башка актуалдуу багыттарга арналган 28 илимий сессия өткөрүлдү.
Талантбек Кожонов эл аралык кызматташтыктын, кесиптик тажрыйба алмашуунун жана эксперттик изилдөөлөрдүн заманбап ыкмаларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бизде ар кандай улуттук мыйзамдар, эксперттик ишти уюштуруунун ар кандай системалары бар, бирок биздин кесиптик милдеттерибиз бизди көп жагынан бириктирет», — деп белгиледи ал.
Форумдун жүрүшүндө Кызматтын төрагасы Кыргызстандын соттук-эксперттик системасынын калыптанышы жана өнүгүшү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана аны модернизациялоонун перспективалары жөнүндө баяндама жасады. Эксперттик өндүрүштү санариптештирүүгө, мыйзамдарды өркүндөтүүгө, экспертизалардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана илимий-методикалык базаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик эмес эксперттик ишти өнүктүрүү, Сот эксперттеринин палатасын түзүү жана адистерди даярдоо боюнча тажрыйбасы көрсөтүлдү.

2026-жылы биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана эксперттик методикаларды өркүндөтүү максатында түзүлгөн Түрк сот-эксперттик мекемелеринин тармагынын (TFSN) келечеги атайын белгиленди.
Конгресске катышуу Кыргызстандын жетишкендиктерин жана реформаларын эл аралык эксперттик коомчулукка тааныштырууга, чет элдик кесиптештеринин алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга жана соттук экспертиза жаатындагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк болду.



