Жапаров Бишкекте метро курууну сунуштады

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте жаңы индустриялык жана инновациялык аймак түзүп, метро куруу долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарын өнүктүрүү» конференциясында билдирди.
Экс-премьер борбор калаада эки миллионго жакын адам жашап жатканын айтып, метро долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону баштоо зарыл экенин белгиледи.
«Бюджетте жүргүнчүлөрдүн агымын, геологиялык жана сейсмикалык шарттарды, курулуштун жана тейлөөнүн чыгымдарын эсептөөгө каражат каралышы керек. Андан соң долбоорго инвесторлорду тартууга болот», — деди Жапаров.
Ал азыртан эле транспорттук коридорлорду жана өтмө түйүндөр үчүн жер тилкелерин резервге алып, долбоор даяр болгонго чейин коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди, ыңгайлуу өтмөктөрдү жана бирдиктүү билет системасын өнүктүрүү зарылдыгын кошумчалады.



