Коом
«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт

«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи УТРКнын бардык телеканалдарында жана «Биринчи радиодо» түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде маалымдалды.
Ачылыш аземинин алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат.
Иш-чарага келген жарандар үчүн Бишкек мэриясы атайын белгиленген пункттардан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра акысыз автобус каттамдарын уюштурат.
«Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 5-октябрда өтөт.



