Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти.
Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУнун жана ШКУ+ алкагындагы иш-чараларга, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.
Соңунда лидерлер кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.



