Коом

Каджи-Сайдагы уран өндүрүшүнүн калган объектилери рекультивацияланат

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Каджи-Сай айылында уран өндүрүшүнөн калган объектилерди рекультивациялоо иштери даярдалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өндүрүштүк имараттарды демонтаждоо, ал эми радиоактивдүү күл төгүлгөн жайларды коопсуз жерге көчүрүү пландалууда.

Даярдык иштеринин жүрүшүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев көрүп чыгып, «Росатом» компаниясынын өкүлдөрү менен мындан аркы иш-чараларды талкуулады.

Эскерте кетсек, 2019-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» аттуу мамлекеттер аралык максаттуу программанын алкагында Каджи-Сайдагы калдык сактоочу жайды рекультивациялоо иштери аяктаган.

Аймакты рекультивациялоо Каджи-Сай айылынын жана Тон районунун тургундарынын коопсуз келечегин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле аймакта туризмди мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button