Коом

Бишкекте №57 автобус каттамы ишке кирди

Бишкек шаарында тургундар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 9-октябрдан тарта №57 автобус каттамы ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы каттам «Тунгуч-2 кичирайону (айланма)» багыты боюнча уюштурулду.

Автобустар Анкара, Ауэзов, Абдрахманов көчөлөрү жана Чүй проспектиси аркылуу жүрөт.

Каттамда Youtong үлгүсүндөгү 10 автобус кызмат көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button