Коом

Бишкектеги Панфилов паркында жаңы амфитеатр ачылды

Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылды. Бул жерде үзгүлтүксүз түрдө акысыз маданий иш-чаралар жана концерттер өткөрүлүп турат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Анын айтымында, жаңы аянтча шаар тургундарынын эс алуусу үчүн гана эмес, паркта музыкалык жана бий кечелерин өткөрүү салтын жандандыруу үчүн да кызмат кылат.

«Биздин милдет — көчөлөрдү өнүктүрүүгө, мектептерди жана инфраструктураны курууга гана эмес, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө да көңүл буруу. Шаар тургундары жана коноктору бул жерге келип, эс алып, музыкадан жана маданий иш-чаралардан ырахат алышын каалайбыз», — деди мэр.

Мындан ары амфитеатрда ар жума жана ишемби күндөрү артисттердин жана элдик аткаруучулардын катышуусунда концерттер уюштурулат. Программаларды Бишкек мэриясы даярдайт.

Ал эми калган күндөрү аянтча коомдук жолугушууларды жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Муниципалитет жаңы амфитеатр шаар тургундарынын туруктуу эс алуу жайына жана шаардык иш-чаралар өтүүчү борборго айланат деп үмүттөнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button