Коом
Нарында үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 14-октябрда, Нарын шаарында «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды.
Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, ачылыш аземине облустун башчысы Нурбек Сатаров, фонддун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдуррахман Аль-Шая, аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана медицина кызматкерлери катышты.
Заманбап талаптарга ылайык курулган жаңы имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалык текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.



