Саясат

Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалыматкызматы билдирди.

Баку шаарынын Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунан президенттиөлкөнүн вице-премьери Самир Шарифов тосуп алды.

ЖапаровАзиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат. Анда өз ара байланышты, санариптештирүүнү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу аркылуу аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кеңешменин жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button