Илон Маск учуучу Roadster унаасын тааныштырды

АКШнын Tesla автоунаа өндүрүүчүсү Техастагы сыноо полигонунда SpaceX компаниясынын ракеталык күчөткүчтөрү менен жабдылган жаңыланган Roadster үлгүсүн көрсөттү. Илон Масктын командасынын жаңы иштеп чыгуусу тууралуу «Газета.Ru» басылмасы жазды.
Учкан Tesla Roadster унаасынын бет ачары АКШнын Техас штатындагы Макгрегор шаарында жайгашкан SpaceX космостук компаниясынын сыноо полигонунда өттү. Унаа бийик, жаа сымал трамплинге ылдамдык менен чыгып, дөңгөлөктөрү өйдө караган абалда жерден көтөрүлүп, абада оодарылып, көп жолу колдонулуучу космостук ракета сыяктуу дөңгөлөктөрү менен жерге конду. Жерге катуу урунуусуна тормоздук кыймылдаткычтар жол берген жок.
Компаниянын социалдык тармактарында жарыяланган видеолордо Roadster беш унаадан турган катарды көздөй баратканы көрүнөт. Жакындаганда унаа түбүндө жайгашкан соплолор аркылуу кысылган газды чыгарып, абага көтөрүлүп, тоскоолдуктан ашып өтүп, түрдүү трюктарды аткарат.
Маалыматка ылайык, трюктар аткарылып жаткан учурда унаанын ичинде эч ким болгон эмес. Бул адамдардын жабыркап калбашы үчүн жасалган.



