Коом

Бишкекте ири парк жана көңүл ачуучу комплекс курулат

Бишкек мэриясы ири парк комплексин куруу боюнча макулдашууга кол койгонун кабарлады.

Көп функционалдуу объект Чокан Валиханов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине түшөт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, келечекте бул комплекс Бишкектин визиттик картасы болуп калышы керек.

Долбоор шаар тургундары менен меймандарынын ыңгайлуулугун арттырууга багытталган. Курулуш инфраструктураны, тейлөөнүн сапатын жакшыртып, ордо калааны туристтерди кызыктырган шаарга айлантууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Инвестициялык келишимге «Иллюзион.кг» компаниясынын башкы директору кол койду.

Тектеш кабарлар

Back to top button