Коом

УКМК: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борборунан билдиришти.

2026-жылдын 20-октябрында КР УКМК Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу түрдө тартуу фактысын аныктады.

Колдо болгон  маалыматка ылайык,  курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында И.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button