Дүйнө

Зеленский өлкө аймагынын 75 пайызын сактап калууга мүмкүндүк берген тынчтык келишимине макул

Украинанын президенти Владимир Зеленский 21-октябрда Fox News телеканалына берген маегинде согушту азыркы фронттук сызык боюнча токтотууга даяр экенин билдирди.

Маектин жүрүшүндө алып баруучу Брайан Килмид Киев өлкөнүн аймагынын 75 пайызын же андан көбүн көзөмөлүндө сактап калууга мүмкүндүк берген тынчтык келишимине макул болобу деген суроо узаткан.

«Бул кандайча башталганына карабастан… Сиз азыркы кырдаалды кабыл алууга макул болмоксузбу?» — деп сураган алып баруучу.

«Ооба. Азыркы учурда биз кырдаалды тоңдурушубуз керек деп эсептейм. Менимче, бул согушту аяктоонун реалдуу жолу», — деп жооп берген Зеленский.

Ошондой эле Украина президенти ок атышууну токтотууну жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү колдой турганын билдирген. Анын айтымында, согуштук аракеттер токтогондон кийин тараптар сүйлөшүүлөргө өтүп, Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүү маселесин макулдашышы керек.

Мындан тышкары, Зеленский чет өлкөлөргө чыгып кеткен украин жарандарынын мекенине кайтып келишин камсыздоо зарылдыгын белгилеген.

«Бизге турак жайынан ажырап, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жүргөн 9,5 миллион адамдын Украинага кайтып келишин каалайбыз. Алар жөн гана жашап, өз өлкөсүн курууга катышышы керек», — деген ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button