Спорт

Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Казакстандын Астана шаарында чоңдор арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын атынан Кутман Калбаев (55 кг чейин), Курманбек Жапаров (60 кг чейин), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг чейин) жана Акжол Махмудов (82 кг чейин) килемге чыгышты.

Алгачкы күндүн жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасына жалгыз коло медалды Акжол Махмудов алып келди. Ал адатта 77 кг салмакта күрөшсө, бул жолу өзүнөн жогорку салмак категориясында күч сынашты.

Акжол алгачкы беттешинде египеттик балбанды 5:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалда грузиялык Гела Болквадзени 9:1 менен утту. Чейрек финалда азербайжандык Гурбан Гурбановдон 7:6 эсебинде үстөмдүк кылды. Бирок финалга чыгуу үчүн болгон беттеште түркиялык Юксель Сарычичекке 0:6 эсебинде жеңилди.

Коло медаль үчүн күрөштө кытайлык Халишан Бахедзянды жеңип, дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болду.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button