Коом

11-ноябрга карата аба ырайы

Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Кыргызгидромет борборунун кабарлаганына караганда, республика боюнча жамгыр жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

​Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.

​Аймактар боюнча абанын температурасы:
​Бишкек шаары: +5…+7°C (Мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке маал карга айланышы мүмкүн)
​Ош шаары: +9…+11°C (Жаан жайт)
​Чүй облусу: +3…+8°C
​Ош, Жалал-Абад облустары: +6…+11°C
​Баткен облусу: +5…+10°C
​Талас өрөөнү: +2…+7°C
​Ысык-Көл облусу: +6…+11°C
​Нарын облусу: +7…+9°C
​Синоптиктер айдоочулар менен тургундарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу этият болууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button