Коом

Равшан Сабиров “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы чыгыш өнөр жай аймагында жайгашкан «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсынын мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча ири инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышты.

Бүгүнкү күндө заводдун долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 миң тоннаны түзөт. Ишкананы модернизациялоого багытталган инвестициялардын жалпы көлөмү 193,75 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Долбоорду ишке ашыруу К4 жана К5 экологиялык класстарындагы күйүүчү майларды өндүрүүгө өтүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана ички рынокту ата мекендик мунай заттары менен камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, долбоор маанилүү социалдык-экономикалык мааниге ээ. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын 617 жараны жумуш орундары менен камсыздалууда.

Өндүрүштүк объектилердин абалы менен жеринен таанышкандан кийин Улуттук агенттиктин башчысы ишке киргизүү алдындагы жөндөө иштерин толук бүтүрүүнүн жана объектти пайдаланууга берүү боюнча иштерди мурда кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аталган инвестициялык долбоордун өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында анын бардык этаптарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана тиешелүү иштерди координациялоону улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button