Коом

Ошто 3,5 гектар сугат жер көп кабаттуу турак жай үчүн которулат

Министрлер кабинети Ош шаарындагы жалпы аянты 3,5 гектар сугат айдоо жерлерин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «конуштардын жерлери» категориясына которду.

№751 токтомго Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 11-ноябрында кол койду.

Тилкелер мамлекеттик менчикте жана №3613 (0,86 гектар) жана №100 (2,64 гектар) контурларында жайгашкан. Аларда социалдык багыттагы объекттери бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу пландалууда.

Чечим Ош мэриясынын 2026-жылдын 9-июлундагы №803 токтомун жана шаардык жерлерди трансформациялоо боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 8-июлундагы корутундусун эске алуу менен кабыл алынды. Сугат жерлерди которууга сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий жөнүндөгү мыйзамда каралган өзгөчө учур катары уруксат берилди.

Ош мэриясы төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  • жерлерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • тилкелерди так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
  • курулуш нормалары менен эрежелерин сактоо менен шаар куруу документтерин иштеп чыгып, бекитүү;
  • жаан жана эриген сууларды бөлүп чыгаруу тутумунун иштешин камсыз кылуу, башкы пландын долбоорун иштеп чыгууда сейсмикага каршы иш-чараларды караштыруу, ошондой эле аймактагы коркунучтуу процесстер менен кубулуштарга мониторинг жүргүзүү;
  • тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда алардын сакталышын камсыз кылуу жана жер казуу менен курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн археологду тартуу;
  • унаа жолунун бөлүнүп берилген тилкесин сактоо;
  • тилкелер пайдаланылбаса же максатына ылайык эмес пайдаланылса, аларды баштапкы абалына келтирүү;
  • айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу;
  • аянты боюнча барабар аймакты калыбына келтирүү, аз түшүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө тартуу;
  • экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо.

Токтомдун аткарылышына көзөмөл Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button