Чолпон-Атадагы ат майданына Каба уулу Бостери аты берилет

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына Каба уулу Бостеринин ысымын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу маселе 13-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл району жана Балыкчы шаарынын эли менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү.
Бостери айылынын Кенжебек аттуу тургуну Чолпон-Ата менен Бостери Жапаровдун жарлыгы менен административдик-аймактык реформанын алкагында бириккенин белгиледи. Анын айтымында, кошулгандан кийин аймак Чолпон-Ата шаары деп аталып, Каба уулу Бостеринин аты калып, унутулуп баратат.
«Элдердин мүлктөрү камакта болсо, биздин Бостери айылынын тургундарынын жүрөктөрү камакта болуп жатат да азыр», — деген тургун бул маселени караштырууну өтүндү.
Ал эми президент: «Чолпон-Атанын атын Бостери деп өзгөртүп бергиле деп сурап жатасызбы ошондо?» — деп сурады.
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов муну тактап, түшүндүрдү. Анын айтымында, эки аймак бириккенден кийин Чолпон-Ата шаары, Бостери аймагы деп эсептелет. Ал эл Бостери атанын атын өчүрбөй, ат майданга анын ысымын берүүнү сунуштап жатышканын билдирди.
Мамлекет башчысы бул өтүнүчтү канааттандырды.
«Мейли, коюп берели. Бирок анан шаардын атын өзгөртө албайбыз да. Ипподромго коюп берип койсоңор болот», — деди ал.



