Спорт

Кыргызстандык Халидьясин Марасулов жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш утту

Кыргызстандык спортчу Халидьясин Марасулов Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн жиу-житсу боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.

«Abu Dhabi Jiu Jitsu Pro (AJP Tour)» алкагындагы турнир Абу-Дабиде 11-13-ноябрда өттү.

14 жаштагы Марасулов 42 кг чейинки салмакта чыгып, аталган категорияда 10 спортчу катышты.

Кыргызстандык мелдешти 1/4 финалдан баштап, анда каршылашы дагы бир кыргызстандык Данил Жумабеков болду.

Марасулов кармашты жеңип, жарым финалга чыкты, анда Бахрейндин өкүлүн жеңди.

Финалдык беттешүүдө кыргызстандык Йемендин өкүлү менен күрөштү, бирок судьялардын чечими менен утулуп, жыйынтыгында 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.

Буга чейин Саида Сабырова 1-орунду ээлеп, алтын медалын жеңип алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button