Спорт
Кыргызстан футболчулары кооз гол менен Вьетнамды жеңип алды

Футбол боюнча Кыргызстан командасы Вьетнамдын командасын жеңип алды.
Достук оюну бүгүн, 17-ноябрда Вьетнамдын Намдинь шаарында өттү.
Биринчи таймда үй ээлери эсепти ачып, танаписке 1:0 эсебинде кетишти.
86-мүнөттө Валерий Кичин бурчтан келген топту башы менен сүзүп, эсепти теңеди — 1:1.
Вьетнамдыктар алга умтулуп, бирок талаанын ортосунда топту жоготушту. Атабаев алдыга чуркабай, сокку урду. Атаандаштын дарбазачысы алыс чыгып алган, ошондуктан соккуну кайтара алган жок.
Кыргызстан командасы камбэк жасап, оюнду 2:1 эсебинде жеңип алды.



