Спорт

Кыргызстандык мушкер 32 секундада нокаут жасап, $10 000 бонус алды

Кыргызстандык мушкер Шергазы Болотбек уулу (5-0) казакстандык OCTAGON лигасынан бонус алды.

Ал 10-ноябрда Бишкектеги OCTAGON 93 турнирине катышып, анда анын атаандашы өзбекстандык Абзолбек Исахжонов (7-4) болду.

Кыргызстандык мушкер атаандашынын жаагына так сокку ургандан кийин, 31-секундада кармаш токтотулду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар Болотбек уулуна UNDERDOG категориясында бонус беришти.

Спортчу өзүнүн социалдык тармактарында бонустун суммасы 10 миң доллар болгонун жазды.

Тектеш кабарлар

Back to top button