Коом

«Ала-Тоо Резорттун» ачылышы: ИИМ коопсуздук эрежелерин эскертти

1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында өтө турган «Ала-Тоо Резорт» эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышына барган конокторго коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, социалдык тармактарда иш-чарага жеткирүү жана транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай сунуштар таралууда. Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды белгисиз адамдарга жана ортомчуларга ишенбөөгө, текшерилбеген банктык эсептерге алдын ала акча которбоого чакырды.

Ошондой эле тоолуу аймактын жол шарттарына байланыштуу курортко атайын өтүмдүүлүгү жогору, толук дөңгөлөктүү унаалар менен гана жетүүгө болот. Коноктор үчүн Жыргалаң айылында унаа токтотуучу жай уюштурулуп, ал жерден ачылыш өтүүчү жайга чейин атайын жол тандабас унаалар менен ташуу камсыздалат.

ИИМ конокторго сапарын алдын ала пландап, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууну жана аба ырайынын шарттарын эске алууну эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button