Коом

Бишкекте жаштарга 4 миңден ашык бош жумуш орду сунушталды

Бишкекте жаш адистерди, студенттерди жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууга багытталган бош орундар жарманкеси өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика жана башка тармактар боюнча 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунуштады.

Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз баарлашып, маектешүүдөн өтүп, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер, интерактивдүү оюндар жана экскурсия уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button